Кыргызстанда парад 8-майда өтүп, Жеңиш күнү президент Москвада болот


Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке арналган парад 8-майда өтөт. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматка ылайык, аскердик парад «Ала-Тоо» аянтында болот.
Ал эми 9-майда Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышарын президенттик администрациядан тастыкташты.