Быйыл Ысык-Көлдө 56 миңдей акылдуу эсептегич орнотулат


Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Жыл башынан бери 10 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду. Калгандары жыл аягына чейин коюлат. Акылдуу эсептегичтер электр энергия менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу, карызы барлардын санын азайтуу максатынду алмаштырылууда.

Министрлик билдиргендей, 2024-жылы Ысык-Көл электр тармагы ишканасы облуста 15 миң 91 кардарга акылдуу эсептегич орноткон. Анын ичинен 12 миң 590у Түп районунда коюлган.