Бүгүн “Санарип Дыйкан-2025” форуму өзүнүн жыйынтыктоочу этабына жетти.
Эки күндүк форум — айыл чарбасын санариптик технологиялар аркылуу өнүктүрүүгө кызыккан бардык тараптардын башын бириктирген маанилүү иш-чара болду десек жарашат.

Дегенибиз, мамлекеттик органдар, дыйкан-фермерлер, ишкерлер, кайра иштетүүчүлөр жана эл аралык өнөктөштөр бир аянтта чогулуп, мазмундуу, ар тараптуу жана жемиштүү талкуу жүргүзүп, алдыга бирге умтулса болоруна күбө болдук.
– Бүгүнкү күндө санариптештирүү жана инновациялык технологиялар – жөн гана модага айланган термин эмес, алар дыйкандар менен агробизнес үчүн зарыл болгон, ишенимдүү жана натыйжалуу инструменттер. Биз заманбап айыл чарба технологиялары менен тааныштык – дрондор, сенсорлор, “акылдуу сугаруу” системалары, спутниктик мониторинг, санариптик платформалар жана жаңы үлгүдөгү айыл чарба техникалары. Булардын баары бүгүн өлкөбүздүн дыйкандары үчүн жеткиликтүү болуп жатат. Андыктан, санариптештирүү – бул жөн гана технологиялар эмес! Бул – биздин дыйкандардын көп жылдык тажрыйбасы менен жаңы муундун инновацияларын байланыштырган көпүрө!, — деп билдирди өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев.
Өзгөчө баса белгилей кетчү нерсе – жасалма интеллект айыл чарбадагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатууда маанилүү роль ойноп жатат. Жасалма интеллекттин негизинде анализдик маалыматтарды ыкчам иштелип чыгып, жер кыртышынын абалын баалоого, өсүмдүктөрдүн ооруларын алдын ала аныктоого жана оптималдуу үрөн себүү стратегияларын иштеп чыгууга, автоматташтырылган сугаруу жана жер семирткичтерди туура колдонууга мүмкүнчүлүк болот.
Айыл чарбасын санариптештирүү жана инновацияларды ишке ашырууда министрлик агросекторду туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү өнүктүрүүчү негизги багыт катары жаңы технологияларды өндүрүшкө киргизүү боюнча иштерин туруктуу улантат.

