Бишкекте шахмат боюнча турнир өтөт


Жакында, 6-апрель күнү Бишкек шаарында Кыргыз Шахмат Федерациясы спортчулар, коомдук ишмерлер, журналисттер, блогерлер, курулушчулар жана башкалардын катышуусунда  атайын турнир өткөрүшөт.

Бул кызыктуу шахмат оюну боюнча турнир Н-групп курулуш компаниясынын колдоосу менен өтүүдө, — деп айтылат уюштуруучулардын маалыматында.

Шахмат турнирине кызыккандар Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсү 132 дарегине барса болот. Оюндун башталышы саат 10.00

Байланыш телефондору: +996 779 911 010 Наргиза