6-апрелде Бишкек шаарында велосезондун ачылышы өтөт


Муниципалитеттен билдиришкендей, веложүрүш саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында башталат. Каттоо ошол жерде саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт. Жүрүштүн жалпы узундугу 5,5 км түзөт.

Финиш “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде болот. Анда спорт сүйүүчүлөрү үчүн кызыктуу оюн-зоок программалары уюштурулат.

Веложүрүш өтүүчү маршрут – Абсамат Масалиев проспектисинин Байтик баатыр көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейинки түндүк тарабы убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.