Ош мэри жаңы орун басарларын дайындады


Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүү болду.

Ага ылайык:

  • Шаршеналы уулу Адилет Ош шаарынын мэринин 1-орун басары;
  • Аманова Салтанат Абдылдаевна Ош шаарынын мэринин орун басары;
  • Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койгон.