Баткенде шеригинен ок жеген жоокердин абалы канааттандырарлык


Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы кызматтык иликтөө жүргүзө баштады. 5-апрелде атайын багыттагы «Илбирс” аскердик бөлүгүнүн кызматкери чогуу күзөттө турган жоокерди атып салган.

«Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн аскердик бөлүккө барган коргоо министринин орун басары окуяны иликтөөнү көзөмөлгө алды», — деп айтылат маалыматта.