Токмокто 4 жаштагы бөбөк апасына кайтарылып берилди


Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери адашып үйүн таппай калаган 4 жаштагы Адиля аттуу бөбөктү таап апасына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Алгач милиция кызматкерлери кыздын апасына балдарды кароосуз калтырбоону эскертишип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, андан соң өткөрүп беришти.