Рустам Касымбеков Кош-Дөбө айыл өкмөтү болуп дайындалды


Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына Касымбеков Рустам Асаналиевич дайындалды. Бүгүн Аксы районунун акими -М.Саргазаков жаңы дайындалган өкмөт башчыны Кош-Дөбө а/ө активи менен тааныштырды.

Р. Касымбеков – жогорку билимдүү, 2003-2007-жж. Кыргызстан эл аралык университетинин Экология жана биотехнология факультети эколог адистигин бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын аяктаган.

Үй бүлөлүү, 3 баланын атасы.