Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатка маданият министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырып, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалады.
Азамат Абдилашим уулу 1992-жылы 31-декабрда төрөлгөн. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетин 2016-жылы аяктаган.
Эмгек жолу:
- Эмгек жолун 2015-жылы “Республика – Ата-Журт” саясий партиясынын жаштар канатынын координатору болуп баштаган.
- 2016-2017-ж.ж.- “Ата-Журт” саясий партиясынын жаштар кеңешинин төрагасы.
- 2016-ж. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Кырчын этношаарчасындагы Хан Ордо жайгашкан жердеги ыктыярчылардын жетекчиси.
- 2017-2018-ж.ж.- “Asia Children Charity” эл аралык кайрымдуулук фондунун аткаруучу директор ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы ардактуу консулу Ким Жонг Гунун жардамчысы.
- 2018-ж. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Кырчын жайлоосунда ыктыярчылардын жетекчиси.
- 2019-ж.- ТҮРКСОЙ эл аралык уюму өткөргөн Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору иш-чарасында логистика боюнча жетекчи жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити (ШКУ) КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тармагы боюнча логистика жетекчиси.
- 2025-жылдан тартып Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордун бөлүм башчысы болуп эмгектенип келген.

