Буга байланыштуу кайрадан сынак жарыялоо сунушталганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, «Манас» театрында 9-10-апрель күндөрү мамлекеттик гимндин тексти менен музыкасынын жаңы редакциядагы мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын экинчи отуруму өткөн.
«Комиссия сунушталган долбоорлордун ар түрдүүлүгүнө жана жарандардын активдүү катышуусуна карабастан, гимнге коюлган мазмундук жана көркөм талаптарга толук жооп берген чыгарма табылган жок деген бүтүмгө келди. Ушуга байланыштуу сынакты кайрадан жарыялоо жана жобого бир катар өзгөртүүлөрдү сунуштоо чечими кабыл алынды», — деди министрлик.
Ага ылайык, биринчи этапта гимндин жаңы редакциядагы тексти тандалса, экинчи этапта бекитилген текстке музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча сынак жарыяланат.
2025-жылдын 7-февралынан 20-мартка чейин жалпы 703 сунуш түшкөн. Натыйжада аты-жөнү, дареги жана жеке маалыматтары так көрсөтүлгөн 165 жарандын 285 долбоору каттоодон өткөн.