Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы тарабынан майыптык тобун аныктоодогу коррупциялык схеманы аныктады.
Тактап айтканда, Лейлек райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын мүчөлөрү майыптыгы бар жарандардын майыптык тобун аныктап берүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылуу менен алектенген.
Баткен районунун тергөө судьясы тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек райондор аралык МСЭКтин төрагасы эксперт А.Ж.А. жана врач эксперт Э.У.Б. тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан 3 миң сомдон 5 миң сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражатын системалуу түрдө алгандыгын тастыктаган материалдар алынды.
Мындан улам, жогоруда аталган жарандар КР Кылмыш-жаза кодексинде каралган кылмышка шектүү катары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

