Бишкекте 22-эл аралык KygyzBuild 2025 курулуш көргөзмөсү ишин баштады, ал курулуш, энергетика жана өнөр жай тармактарынын лидерлерин бириктирет.
Бул жылы көргөзмөгө Беларусь, Германия, Испания, Казакстан, Кытай, Россия, Түркия, Өзбекстан, Украина, Түштүк Корея, ошондой эле Кыргызстандан 100дөн ашык компания катышууда.
Катышуучулар курулуш тармагынын негизги багыттары боюнча жаңы иштеп чыгууларды жана технологияларды көрсөтүштү:
* Курулуш жана жасалгалоочу материалдар;
* Заманбап технологиялар жана инновациялар курулушта;
* Энергетика жана электротехникалык продукция;
* Инженердик системалар, суу менен камсыздоо жана климаттык системалар;
* Заманбап коопсуздук системалары.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев көргөзмөнүн технологиялар жана келишимдер менен алмашуу платформасы гана эмес экендигин белгиледи.
Анын айтымында, республика бүгүнкү күндө квалификациялуу долбоорлоочуларга, прорабдарга жана башка адистерге муктаж. «Биз бул сыяктуу иш-чаралар бизге заманбап жабдууларды гана эмес, ошондой эле керектүү кадрдык ресурстарды тартууга жардам берет деп үмүттөнөбүз», — деп белгиледи Н.Орунтаев.
KyrgyzBuild 2025 көргөзмөсү келүүчүлөр үчүн 17-апрелге чейин ачык болот.