Баткенде 61 жаштагы жаран куткарылды


Баткенде ӨКМ куткаруучулары 61 жаштагы эркек адамдын өмүрүн сактап калышты.

Ведомстводон билдиришкендей, кечээ, 16-апрелде Орозбеков айыл аймагына караштуу Сары-Талаа жайлоосунда тоодон өз алдынча түшө албай калып, жардамга муктаж болгон жаран тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине ӨКМден 5 куткаруучу тартылып, аталган жаранды тоодон аман-эсен түшүрүп беришкен.