Кегети капчыгайында 2500 мөмөлүү дарак отургузулду


Кечээ, 19-апрелде “Бириккен жүрөктөр” кайрымдуулук фонду тарабынан “Бир адамдан 1 көчөт” акциясынын алкагында Кегети капчыгайына 2500 түп мөмөлүү дарак отургузулду.


Иш-чарага ар кайсы коомдук мекемелердин өкүлдөрү, ыктыярчылар жана ИИМдин ички кызматынын аскерлери катышты.
Бул долбоордун максаты – Кыргызстандагы бош жаткан жерлерди жашылдандыруу, экологияга кам көрүп, аны өнүктүрүү болуп саналат.
“Бириккен жүрөктөр” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Медербек Жалилов Кегети капчыгайынан 27га жер тилкеси бөлүнүп берилгенин, ал тилкелерге былтыркы жылы 4000 көчөт отургузулганын билдирди. Кийинки жылдары бул аймак атайын мүмкүнчүлүгү чектелген жана калктын аялуу катмары үчүн социалдык бакчага айланарын кошумчалап, ар бир жаранды жашылдандыруу акцияларына катышууга чакырды.
Эске салсак, мындай демилге өлкө башчы Садыр Жапаровдун “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн колдоо максатында өткөрүлүп келет.