Бишкекте бак өстүргөн жай пайда болот


Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Кытайдын Циндао шаарынан келген инвесторлор менен бирге салынып жаткан бул жайдын жалпы аянты 100 гектарга жакын болот. Учурда сыноо иретинде 5 гектардан ашык аянтка 12 миң 300 бийик бойлуу көчөт, 9 миң бадал отургузулган. Алардын ичинде жалбырактуу клен, кытай акациясы, жазы жалбырактуу дарактар, липа жана башкалар бар.

Мэр Айбек Жунушалиев бак өстүргөн жайга барып, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасына тыгыз кызматташтыкта ​​иштеп, чет элдик адистердин тажрыйбасын үйрөнүү тапшырмасын берди.