Быйыл Кыргызстанда акыркы коңгуроо 26-майда өтөт


Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, салтанаттуу иш-чара өткөрүү үчүн акча чогултууга, уюштурууга тыюу салынат. Ошондой эле тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, ден соолукка коркунуч келтирген техникалык жабдуулар, экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга болбойт.
Аймактык, райондук жана шаардык билим берүү департаменттеринин жооптуу кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө болушат.