Баткендин Сүлүктү шаарында жыл аягына чейин эки көмүр кенин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Кендердин бирин «У Линь Групп» компаниясы ачып иштетет. Ал жерде жылына 1 млн тонна көмүр өндүрүлөт деп күтүлүүдө. Кенде 300 адам иштейт.
Көмүр кенин ишке киргизүү үчүн 40 млн доллар кетет деп каралган. Азыр анын 5 млн доллары жумшалды.
Экинчи кен «Мурас-1» команиясы тарабынан ачылууда. Ал жакта жылына 800 тонна «кара алтын» казып алынат. Ишкананы ачууга жалпы 11,2 млн сом жумшалат. Учурда анын 9 млн сому сарпталды.
Эки кен тең жыл аягына чейин ачылат.

Облус башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев өнөр жай ишканаларынын ачылышы аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда мааниси зор экенин белгилеп, жергиликтүү бийликке кендерди ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

