Баткенде курула турган шаар 800 гектарга салынып, 100 миң тургунга эсептелгенин президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
“Баткен сити” таза суу менен камсыз болуп, көп кабаттуу үйлөр салынат. Оюн-зоок, жашыл зоналар, веложолдор болот. 4 тилкелүү жолдор салынып, электробустар киргизилет. Шаардын борборунда айгүл гүлүнүн образындагы байкоо мунарасы курулат. Анын эң жогорку кабатында ресторан жайгашат.
@kadam-media.kg

