ТИМ Стамбулдагы мекендештерге кайрылды


Кечээ, 23-апрелде саат 12:49да Стамбулда күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болуп, 10 секундага созулган.

Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экенин билдирди.

«Министрлик Стамбул жана анын айланасында жүргөн кыргызстандыктарга сабырдуулукту сактап, жергиликтүү бийликтин жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну катуу сунуштайт»,- деп айтылат маалыматта. 

Жардам керек болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна +90 53510772 12 номурлары аркылуу чалса болот.