Камчыбек Ташиев  Борбордук Азия мамлекеттеринин атайын кызматтарынын жетекчилери менен жолукту


 Жолугушуунун максаты эл аралык терроризмге, экстремизмге, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелери боюнча аймактык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын ортосундагы ишенимди жана кызматташтыкты бекемдөө болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар регионалдык коопсуздукту камсыздоонун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашып, аналитикалык маалыматтар жана актуалдуу коркунучтар жөнүндө маалыматтар менен алмашышты. Ошондой эле, туруксуздук орун алып жаткан аймактардан келип чыккан чакырыктарга каршы биргелешип күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар ушундай сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүксүз өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти жана аймактык өз ара аракеттенүүнүн ушундай форматын сактоонун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Кыргыз тарап Борбордук Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча ынак коңшулук, ачык диалог жана биргелешкен аракеттер принциптерин жактай тургандыгын ырастады.