Бишкекте милиция кызматкерлерине кол көтөрүп, бирөөсүнүн формасын жыртып салган жигиттер кармалды. Бул тууралуу деп маалымдады Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, окуя 27-апрелге караган түнү болгон. Анда Бишкектеги түнкү клубдардын биринин жанында нөөмөттө турган кайгуулчу коомдук тартипти бузган жактарга карата эскертүү берген. Бирок алар каршылык көрсөтүп, милиционерге кол көтөрүп, кийимин жыртып салышкан.
Аталган факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен бейбаштык) боюнча каттоого алынып, шектүү катары 2004-жылы туулган Б.Д. жана 2005-жылы туулган И.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.