Ошто мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды


Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Көкүм-Бий көчөсүндө жайгашкан №18 балдар бакчасы мыйзам талаптарын бузуу менен 1998-жылы жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде базар баасы 120 млн сом болгон бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды.