Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыгарылган документти депутаттар Замирбек Мамасадыков жана Шайырбек Ташиев иштеп чыккан.
Сунушталган документтер төмөнкүдөй өзгөртүулөр сунушталат:
Маркумду узатуу
- Маркумду узатууда ага катышуучулардын саны чектелбестен жана майда жандык, жылкы, бодо мал союлбастан өткөрүлөт.
- Маркумду узатуудан кийин үч күн өткөн соң маркумду эскерүү иш-чарасы (“Куран окутуу”) бирден көп эмес жылкы же бодо мал союу менен өткөрүлүүсү мүмкүн.
- Маркум дүйнө салгандан кийинки “үчүлүк”, “жетилик”, “кыркы”, “жылдык” сыяктуу ж.б. өткөрүүгө тыюу салынат.
Үй-бүлөлүк каада-салттар, салтанаттар жана урп-адаттар
- “Үйлөнүү той” салтанаты бир бодо мал же бир жылкы сою менен 250дөн ашпаган адамдардын катышуусунда өткөрүлөт.
- “Кыз узатуу” салтанаты бир бодо мал же бир жылкы сою менен 100дөн ашпаган адамдардын катышуусунда өткөрүлөт.
- Эгерде “Үйлөнүү той” салтанаты жана “Кыз узатуу” салтанаты бирге өткөрүлсө бир бодо мал же бир жылкы союу менен 350дөн ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүүгө жол берилет.
- Жаш жубайлардын үйлөнүүгө байланышкан салтанаты үчтөн ашпаган автоунааны пайдалануу менен жүргүзүлөт.
- Жогоруда аталган каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө “кийит кийгизүү”, “себет берүү”, “конок берүү”, “түштөнтүү” сыяктуу кошумча ысырапкорчулукту алып келген үрп-адаттарга тыюу салынат.
Диний ырасымдар
- “Ажы”, “Умра” зыяратына баргандарды узатуу жана тосуп алуу ырасымдары үй-бүлөлүк чөйрөдө өткөрүлүүсү мүмкүн.
- “Ажы”, “Умра” зыяратына баргандарды “узатуу”, “тосуп алуу” сыяктуу ысырапкорчулукка алып келген ырым-жырымдарга тыюу салынат.
Мыйзам долбаарунда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүү убагында, аларды уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу жактардын ысырапкорчулук чөйрөсүндөгү мыйзамдын эрежелерин бузуусу, — жеке жака (той ээсине) эсептик көрсөткүчтүн 3000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга (коомдук тамак-аш жайларына) эсептик көрсөткүчтүн 1000 эсептик көрсөткүч айып салынары жазылган.
Ал эми маркумду узатуу жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүү убагында, аларды уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу жактардын ысырапкорчулук чөйрөсүндөгу мыйзамдын эрежелерин бузуусу, ыйгарым укуктуу орган тарабынан, эсептик көрсөткүчтүн 2000 эсе өлчөмүндө айып салынат.

