Араванда акциздик маркасы жок тамеки аныкталды


Ош облусунун Араван районунда мыйзамсыз тамеки продукциялары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чек-Абад жана Дөбө-Коргон айыл өкмөттөрүнөн жалпы суммасы 21,6 миң сомду түзгөн 492 куту Oris тамекилери тартып алынды. Продукциянын акциздик маркасы жана тиешелүү коштоочу документтери болгон эмес.

Бул факты боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, укуктук баа берүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Салык кызматы билдиргендей, 1000 даанага чейин акциздик маркасы жок тамеки саткандарга 65 миң сом айып пул, ал эми 1000 даанадан көп болсо 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.