Орусияда курулуштагы кырсыктан үч кыргызстандык каза болду


Орусиянын Геленжик шаарындагы курулуштагы кырсыктан үч кыргызстандык каза болуп, дагы бир оорукана түштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

ТИМ кабарлагандай, 4-майда Геленжик шаарындагы курулуш аянтчасында топурактын алдынан үч кыргыз жаранынын сөөгү чыгарылды. Учурда сөөк шаардык өлүк сактоочу жайга жеткирилди. Кырсыктан дагы бир кыргызстандык жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Ал өлкөдөгү Кыргызстандын элчилиги каза болгон жарандардын жакындары менен байланышып, зарыл болгон укуктук жардамдарын көрсөтүп жатат. Маркумдардын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө байланыштуу иш-чараларды көзөмөлдөө үчүн окуя болгон жерге элчиликтин кызматкери жөнөтүлдү. Элчилик кырдаалды көзөмөлдөп, Орусиянын тиешелүү органдары менен тыгыз кызматташып жатканын кабарлады.