Аскер кызматкерлеринин маянасы 35 пайызга көтөрүлөт


1-июлдан тартып аскер кызматкерлеринин маянасы 35 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктап жатканда билдирди.
Анын айтымында, мамлекет күч органдарынын эң жогорку талаптарга жооп бериши үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.
«Куралдуу күчтөрүбүздүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн бюджети 2020-жылдарга салыштырмалуу 400 пайыздан ашык көбөйтүлдү. Аскерлерибиз заманбап курал-жарак менен камсыз болууда, аскердик шаарчалардын жана гарнизондордун инфратүзүмү өнүгүп жатат. Материалдык-техникалык жабдуу менен татыктуу деңгээлде камсыздалууда», — деди Жапаров.
Ал быйыл аскерлер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана турак жай жалдагандыгы үчүн акчалай компенсациясы көтөрүлгөнүн эске салды.
«1-июлдан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35 пайызга көбөйтүлөт, ал эми келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын маянасы 1-ноябрдан баштап ушундай эле көлөмдө көбөйтүлөрү пландалууда», — деди өлкө башчы.
Президент бул аракеттер Мекенди коргоодо күнү-түнү көз ирмебей эмгектенгендердин мээнетин баалоо болуп эсептелерин кошумчалады.