Массалык башаламандык уюштурууга шектелген жаран кармалды


Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Чүй ОИИББнин кызматкерлери тарабынан өлкө аймагында массалык башаламандык уюштуруу максатында мурдагы саясий ишмерлер, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттерден турган топ, Чүй облусунда жана ошондой эле өлкөнүн башка аймактарында массалык башаламандыктарды, нааразычылык акцияларын өткөрүүнү пландап, дардык көрүп жатышкан кылмыштуу топ боюнча маалымат алышкан.

«Бул факт Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (Массалык баш аламандык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан аталган топтун активдүү мүчөсү катары 1981-жылы туулган Ш.Э.К. “Темиш” жана ошондой эле “Ойгон Кыргыз” каймана аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну аныкталып, Чүй ОИИБнын тергөө кызматына жеткирилген», — деп жазылат маалыматта.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.