Жалал-Абадда 879 ипотекалык батир ээлерине тапшырылды


Бүгүн, 12-майда Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик ипотелалык компания курган 879 батир ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышкан.

Туманбаевдин айтымында, учурда Кыргызстанда 60 миңден ашык ипотекалык батирдин курулушу жүрүүдө. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда эле 11 миң 204 батир салынууда.

Буга чейин Бишкекте 2 миң 147 батир ээлерине тапшырылган.