Мамлекеттик салык кызматы өздөрүн салык кызматкери катары тааныштырган шылуундар жарандардын электрондук почтасына салык карызы тууралуу кат жөнөтүп жатканын эскертет.
Салык кызматы шылуундар кабарламадагы шилтемеге кирүүнү талап кылып жатканын, бирок шилтеме аркылуу кирген учурда зыяндуу программа ачылып, жеке маалыматтарды жүктөп аларын жана иштөө системасын бөгөттөй турганын белгилейт.
«Салык кызматы мындай билдирүүлөрдү эч качан жөнөтпөйт. Шектүү шилтемелерди ачпаңыз жана белгисиз программаларды көчүрбөңүз», – деп айтылат маалыматта.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылсаңыз болот:
+996 (508) 996 669
+996 (755) 000 116
+996 (997) 000 116

