Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жасалма дипломдорду пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан системалык иштердин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси М.К.А. тарабынан жасалма диплом колдонулуп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, М.К.А. 2005-жылдан бери аталган системада иштеп, жумушка орношууда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин генерал-майор А.Алиев атындагы Академиясын бүтүргөндүгү тууралуу дипломун берген, бирок ал 5-курста (2003-жылы) окуу акысын төлөбөгөндүгү үчүн окуудан чыгарылган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында М.К.А. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

