Бишкектеги Улуттук тарых музейинде “Музейлер түнү” акциясы өттү


Кечээ, 18-майда Бишкектеги Улуттук тарых музейде Эл аралык музейлер күнүнө карата “Музейлер түнү” аттуу маданий иш-чара өттү .

Борбор Азиядагы эң ири музейлердин бири болгон музейдеги иш-чарага 10 миңге жакын кѳрүүчү катышты.

     

Аталган акциянын алкагында музейде ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү. Алардын катарында искусство таануучулардын лекциялары, сүрөт тартуу, сайма саюу, шырдак шыруу, кагаз гүлдөрдү жасоо жана карапа искусствосу боюнча мастер-класстар да бар. Мындан тышкары, балдар үчүн оюн-зоок программалары, анимациялык видеолор жана мастер-класстар уюштурулган.

     

Музыкалык бөлүмдө саксофон жана скрипканын коштоосундагы музыкалык номерлер жана тасмалар тартууланды.

Иш-чаранын максаты – музейлердин коомдогу ролун жогорулатуу жана маданий мурастарды жайылтуу. Бул сыяктуу акциялар аркылуу шаар тургундары жана коноктору музейлердин бай коллекциялары менен таанышып, маданий жана чыгармачыл иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.