Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы көмүр шахтада бир киши ууланып каза болгонун ӨКМден билдиришти.
Аймактагы Боз айылынын тоо тарабындагы шахтага газ толуп, бир киши чыга албай калган.
Куткаруучулар ал адамдын (аты-жөнү такталууда) сөөгүн 90 метр тереңдиктен алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкени айтылды.

