Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кытайда Ажыдаар кайык фестивалы майрамдалгандыктан, коңшу өлкөнүн демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт » жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекеттери 31-майда бир күнгө жабылат.
Эртеси күнү, 1-июндан тарта өткөрмө бекеттер ишин жандантат.

