Бул тууралуу «Бишкек жылуулук электр борбору» ишканасынын башкы инженеринин орун басары Тилек Солпуев билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда баш калаадагы жылуулук түтүктөрү басым менен сыналууда.
«31-майда ысык сууну берүүгө даярданып жатабыз. Күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштери кадимки тартипте жүрүүдө. Жабдуулар жана тетиктер боюнча эч кандай кечигүү жок. Беш от казанды оңдоо пландалган», — деди ал «Биринчи радионун» түз эфиринде сүйлөп жатып.
Эске салсак, быйыл Бишкекте жыл сайын жүргүзүлүүчү профилактикалык иштерге байланыштуу 21-апрелден 31-майга чейин 40 күнгө ысык суу өчүрүлгөн.

