7 жаштагы Илиясов Харис Швецияда өтүп жаткан «Järfälla Freestyle Wrestling CUP 2025» Эл аралык турниринде ишенимдүү жеңишке жетип, 27 кг салмакка чейинки категорияда алтын медаль тагынды.
Ал ошондой мелдештин эң мыкты жана техникалык катышуучусу жана турнирдин эң мыкты балбанынын кубогу сыйлыгына ээ болду. Кыргызстандык Харис учурда Швецияда жашап, спорттук карьерасын ийгиликтүү өнүктүрүүдө. Анын жеңиши кыргыз диаспорасынын да, бүтүндөй өлкөнүн да сыймыгы.

