Кылмыш-кырсык

Жазаларды аткаруу мекемесинин аймагына уруксат берилбеген предметтерди киргизүүгө аракет кылган жаран аныкталды

Жакында ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын кызматкерлери менен биргеликте жазаларды аткаруу мекемесинин аймагына уруксат берилбеген предметтерди киргизүү фактысын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.
№1 тергөө абагында кармалгандар үчүн алынып келинген тамак-аштын арасын кароо учурунда болжол менен 13 граммды түзгөн кара куурайдай кескин жыты бар зат табылып алынган. Аталган факты №1 тергөө абагынын кабыл алуу блогунда аныкталган. Чүй облусунун 1986-жылы туулган жашоочусу алып келген тамак-ашта катылган жогорудагы уруксат берилбеген зат табылган. Кийинчерээк экспертиза корутунду чыгарып, ал “гашиш” баңгизаты болуп чыккан.
ИИМдин жана ЖАМКтын бул багытта бирдиктүү иштери уланууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button