Жалал-облусунун Кепел-Бел ашуусунан токтоп турган машина жылып кетип жардан учуп, ичиндеги 8 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 25-май күнү 38 жаштагы келин 8 жана 3 жаштагы балдарын алып Оштон Таш-Көмүр шаарына баратканда болгон.
«Келин жолдон токтоп, 3 жаштагы баласын жерге алып түшкөндө автоунаа кокусунан жылып кетип, жардан кулап кеткен. Машинанын ичинде калган 8 жаштагы бала алган жараатынан ошол жерде көз жумган», — деп айтылат кабарда.
Окуя боюнча келин эч кимге эч кандай доосу жок экендигин билдирип, баласынын сөөгүн экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

