Продукцияны сертификаттоо жана товар коштоочу документтерди тариздөө маселелери талкууланды


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрага орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында продукциянын шайкештигин баалоо жана товар коштоочу документтерди тариздөө маселелерине арналган жыйын өттү.

Бул иш-чара Министрлер Кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан Ата Мекендик продукциялардын аброюн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө багытталган системалуу иштердин бир бөлүгү.

Жыйында жаңы лабораториялык изилдөө ыкмаларын киргизүү жана товар коштоочу документтерди тариздөөнүн автоматташтырылган жол-жоболорун ишке ашырууда алдын алуу чараларын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар мамлекеттик органдар, шайкештикти тастыктоо органдары жана сыноо лабораторияларынын ортосундагы иштин координациясын жакшыртуу боюнча сунуштарды карап чыгышты.

Натыйжада, бардык түрдөгү лабораториялык изилдөөлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүү жана продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына, өзгөчө тамак-аш продукцияларына шайкештигин тастыктоо багытында иш-чаралардын комплексин даярдоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүү чечими кабыл алынды.

Азыркы учурдагы сертификаттоо жана шайкештикти тастыктоо системасы Евразия экономикалык биримдигинин жана эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык туруктуу иштеп жатканы белгиленди.