Ноокатта жашы жете элек кыз зордукталып, 63 жаштагы жаран кармалды


Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Милиция бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.

«Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси менен (зордуктоо) кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1962-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуяга күбө болгондор суралып, жабырлануучуга карата тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары уланууда«,- деп айтылат маалыматта.