Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкуууга чыгарылды.
Документтерде айтылгандай, 2023-жылдын үлгүсүндөгү чет өлкөлүк паспорттордун жана 2024-жылдын үлгүсүндөгү ички паспорттордун (ID-карта) бланктар түгөнүп жаткандыктан, 2025-жылдын үлгүсүндөгү паспортторду (чел өлкөлүк паспорт жана ID-карта) чыгаруу пландалууда. Аларда коргоо элементтери күчөтүлүп, дизайны жана туунун сүрөтү өзгөртүлөт.
Жаңы паспорттор 2023-2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорттордун блакнтары түгөнгөндөн кийин бериле баштайт.
Кыргызстан жаңы үлгүдөгү паспортту киргизип жатканы тууралуу чет мамлекеттерге кабарланып, алардын үлгүлөрү жөнөтүлөт.

