КР Эсептөө палатасы тарабынан “Бишкек” эркинэкономикалык чөлкөмүнүн (ЭЭЧ) башкы дирекциясынын 2023–2024-жылдардагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча бир катар мыйзам бузуулар жана башкаруудагы кемчиликтер аныкталды.


Аудит Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы №431 токтому менен бекитилген“Бишкек” ЭЭЧ жөнүндө Жобонун алкагындадирекциянын негизги максаттары – инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, өндүрүш жана социалдык инфратүзүмдү өнүктүрүү багытында иш-чаралар жетишсиз аткарылып жатканын көрсөттү.
Аудиттин жүрүшүндө бюджеттик төлөмдөр боюнчада тартип бузуулар аныкталды. 2023-жылы “Бишкек” ЭЭЧнын башкы дирекциясы кирешеденжергиликтүү бюджетке 55,1 миң сом, республикалык бюджетке 110,2 миң сом чегериптөлөгөн. Бирок 2024-жыл үчүн тиешелүү 50,0 миңсом жана 100,0 миң сом чегерилгени менен, бүгүнкү күнгө чейин төлөнгөн эмес.
Ижара келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөөжетишсиз деңгээлде экени белгилүү болду. 2024-жылдын аягына карата 232 субъект менен имаратжана жер ижарасы боюнча келишимдер түзүлгөнүменен, ижара акысынын убагында төлөнбөгөндүгүнүн натыйжасында дебитордук карыздардын жалпы суммасы 119,8 млн сомду түзгөн. Анын ичинен 27,9 млн сом – мөөнөтү өтүп кеткен карыздар. Айып санкциялар жана туумдарөз учурунда эсептелген эмес – 2024-жылы болгону эки субъектке карата 230,4 миң сом суммасында туум колдонулган.
Мындан тышкары, 2024-жылдын 31-декабрына карата Башкы дирекциянын балансында 63 бирдиктранспорт каражаттары бар экени аныкталып, алардын бир бөлүгү (тракторлор, самосвалдар, автокрандар ж.б.) бузулган же колдонууга жараксыз абалда экени белгиленди. Ошондой эле 13,9 млн сомдук эскирген жана керексиз негизги каражаттар боюнча инвентаризациянын негизинде чаралар көрүлбөй калган.
Аудит учурунда дебитордук карыздардын бирбөлүгү гана – 146,9 миң сом (анын ичинен күйүүчүмай жана жарнамалык кызматтар үчүн) калыбынакелтирилген. Ал эми сот чечимдери менен өндүрүлө элек карыздардын жалпы суммасы 69,6 млн сомду түзүп, дагы 1,5 млн сомдук материалдар сотто кароодо турат.
Аудиттин жыйынтыгы менен Эсептөө палатасы“Бишкек” ЭЭЧнын башкы дирекциясында эсепкеалуу системасын автоматташтыруу, ижаракелишимдерин башкаруу, каржылык көзөмөлдүкүчөтүү, мыйзам бузгандарга карата туум жана айып санкцияларды өз убагында колдонуу боюнчабир катар сунуштарды берди.
Аталган сунуштар дирекциянын ишинин ачыктыгын камсыздап, каржылык тартиптижакшыртуу жана мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатын көздөйт.

