Сот Тилекмат Куреновду камакта калтырды


Кечээ,  3-июнда Бишкек шаардык соту Тилекмат Куреновдун бөгөт чарасын карап, камакта калтырды.

14-майда Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарган болчу.

Эске салсак, Куренов конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. УКМК Куренов БАЭден кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин маалымдаган.