Экс-депутат Алиярбек Абжалиев кармалды


Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алиярбек Абжалиев кармалды. Бул маалыматты Бишкек шаардык соту ырастады.

Маалыматка ылайык, ал УКМКнын тарабынан кармалган. 15-майда Бишкектин Октябрь райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралып, УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча Абжалиев камакка алынган. Ал 13-июлга чейин камакта болот.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, Абжалиев коррупцияга шектелип кармалды.

Ал эми УКМК бул иш боюнча маалымат бере элек.