Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Татарстандын раиси Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Минниханов Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо программасынын жетектөөчү комитетинин IX жыйынына келген.
Жолугушууда Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы экономикалык, экологиялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жакшыртуу талкууланды. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, туризм тармагын чыңдоо жана илбирсти сактоо боюнча өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Минниханов Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы бир катар тармактагы долбоорлорду бирге ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстандын жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даярдыгын кошумчалаган.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кыргыз-орус мамилелеринин алкагында аймактар аралык байланыштарды бекемдөөгө жаңы дем берерин баса белгилешти.