Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин өкүлдөрүнүн Ысык-Көл облусундагы көчмө жыйынында белгилүү болду.
Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, учурда эл аралык аэропортто Бишкек – Каракол багыты боюнча жумасына эки, Ош – Каракол багыты менен бир жолу учуулар аткарылат.
Аэропорт жетекчиси Сабырбек Нарбаев белгилегендей, мында саатына 250 жүргүнчүнү тейлөөгө толук шарт бар. Учуп-конуу тилкесин 2 450 метрден 3 750 метрге чейин кеңейтүү жана түнкүсүн учактарды кабыл алууга жарыктарды орнотуу иштери жүрүп, эл аралык рейстерди кабыл алууга ички даярдыктар көрүлүүдө.
Комитет төрагасы Мурадил Сыдыков Ысык-Көлдө туризм тармагын жакшыртууда жана өлкөнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүндө Каракол эл аралык аэропортунун жаңыланышын маанилүү кадам деп сыпаттады. Ал эми депуттар аэропорттун мүмкүнчүлүктөрүнө, эл аралык рейстерди уюштуруу шарттарына көңүл бурушту.