Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин «Учкун» ишканасы Түштүк Африкадагы Намибия менен паспорт басып берүү тууралуу келишим түзүп, 130 миң биометрикалык паспорт жасап берген.
«Намибия тарап чыгарылган документтердин сапатына жогорку баа берип, ыраазычылыгын билдирген», — дейт Туманбаев.

Бүгүн, 10-июнда Бишкекке Намибиядан расмий делегация келип, экинчи келишимди түзүү боюнча сүйлөшүү болгон. Алар «Учкун» ишканасы менен башка тармактарда дагы кызматташууга кызыкдар экенин билдиришкен.
Туманбаев буга чейин Кыргызстанда биометрикалык паспортторун чет мамлекеттерде жасатып келгенин, эми аны өзү үчүн гана чыгарбастан, башка өлкөлөрдүкүн даярдап жатканын белгиледи.