УКМК: Сокулуктагы “КОСС» дыйкан фермердик чарбасынын бир бөлүгү мамлекетке өттү


КР УКМК тарабынан мамлекеттик объектилерди жана жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштердин алкагында Сокулук районунун Кайназаров айыл өкмөтүндөгү «КОСС» дыйкан фермердик чарбасы тарабынан жер үлүштөрүн мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталган.
Сокулук районунун Кайназаров айыл өкмөтүнүн «КОСС» дыйкан чарбасы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жана инвентаризациялоонун жүрүшүндө пайдаланылган жер үлүштөрүнүн бир бөлүгү (жалпы аянты 17,4 Га) КР чегинен чыгып кеткен же каза болгон адамдарга таандык экендиги аныкталган.
КР УКМК мыйзамсыз колдонулган жана менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштерди улантууда.