Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-июнь саат 00:25тер чамасында Кутургу айылында 47 жаштагы Е.А. аттуу жаран көл жээгинен кармалган.
Шектүүнүн жанынан жарым кап балык, анын шеригинен узундугу 2,4 чакырымга жеткен төрт кап синтетикалык тор алынган. Кылмыш иши козголуп, шектүү 10-июнда камалды.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы ӨКМге көлдүн түбүн тазалоону тапшырган. Ошондон бери суучулдар көлдөн таштанды, балыктын торлорун алып чыгып жатканын айтып келишет.
Бирок өлкө башчы жакында Көлдү күтүүсүз текшерип, абал жакшырбагандыктан ИИМ менен УКМК башчысын тилдегенин Камчыбек Ташиев айткан. Мындан улам УКМК төрагасы укук коргоо органдарынын жоопкерчилиги күчөтүлөрүн эскерткен.