Ош шаарында жети кутулуш компаниясынын иши убактылуу токтотулуп, бирөөсүнүн лиценциясын токтотуу маселеси каралат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында жаңы курулуп жаткан объектилер текшерилип, курулуш нормаларын жана коопсуздук талаптарын одоно бузган 7 курулуш компания аныкталган. Мүчүлүштүктөр жоюлганга чейин алардын курулуш иши убактылуу токтотулган: “Бай-Мен” ЖЧКсы; “Сулайман Групп” ЖЧКсы; “Арт Строй Бат” ЖЧКсы; “Ак Кайың” ЖЧКсы ; “Жаннат Сити” ЖЧКсы; “Стандарт Хаус” ЖЧКсы; «Стандарт Хаус» ЖЧКсы. Бир курулуш компаниясынын лицензиясын токтотуу маселесин кароо үчүн Курулуш министрлигинин комиссиясына жөнөтүлгөн.

